Ак-Талаа райондук маданият үйүндө райондук Аялдар кеңешинин жана райадминстрациянын уюштуруусу менен Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө майрам ээлерин кеңештин төрайымы Букен Турдубекова жана мүчөлөрү куттуктоо сөз айтышып, кыргыздын миң кылымдык тарыхында эчен жоону жеңип, эл четинде эл тынчтыгын коргоп келген бабалардын жолун жолдоп, бейпил замандын жоокери болгула деген тилектерин билдиришти.

Ошондой эле райондун акими да Сейтек Кулубаев куттуктоо сөз сүйлөдү. Куттуктоо сөздөрдөн соң айрым жетекчилерге Кыргызстан демократиялык Аялдар кеңешинин жана райондук Аялдар кеңешинин грамоталары тапшырылды.

Ал эми кечээ Баетов айылында да Ата Мекенди коргоочулар күнү салтанаттуу белгиленип, ага айыл аксакалдары чакырылды. Айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков жана айылдык кеңештин төрагасы Билимбек Капарбек уулу аксакалдарды куттукташып, майрамдык белектер менен сыйлашты. Андан сырткары айылдын бир топ аксакалдарына Баетов айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин сыйлыктары тапшырылды.


Мекенди коргоочулардын урматына арналган салтанаттуу иш-чаралар маданият кызматкерлеринин концерттик программалары менен коштолду.
Даярдаган: Алтынай Байтерекова, Жаркынай Тыныбекова