“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ветеринардык кызматтардын көптүгү маселе жаратпайт

25 Февраль 2020 жыл 12:06
Көрүүлөрдүн саны: 195

дейт  Эсенбек уулу Амантур.

Баетов айылында жаңы  ветеринардык аптека ачылып, ишке берилди. Анда мал жандыктарын дарылоодо, ар кандай мал ооруларын алдын алууда керектелүүчү  бардык дары-дарымектер бар.

Аптеканын кызматкери Эсенбек уулу Амантурдун айтымында «мал киндиктүү айылдар үчүн мындай ветеринардык  аптека  же ветеринардык кызмат көрсөтүү эч качан көптүк кылбайт. Алар эгер көп болсо, атаандашууга, тейлөөнүн жакшырышына гана алып келет. Кардарлар кайсы аптека болбосун зарылчылыгына жараша кызматын пайдалана берет » .  Ошондой эле аптекага дары-дарымектер  ортомчулардан эмес дистрибьюторлордон түз алынып келинет жана баасы айыл тургундарынын капчыгына туура келет деген оюн кошумчалады.

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова